Жаңылыктар
Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара ведомстволорунун башчылары тар чөйрөдө жолукту
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара ведомстволорунун башчылары тар чөйрөдө жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдын төрагалыгы астында Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара ведомстволорунун башчылары Уларбек Шаршеев менен Салимжон Хусановдун ортосунда тар чөйрөдө өзүнчө жолугушуу болду. Жолугушуу терроризм жана экстремизм менен күрөшүү боюнча КМШ конференциясынын алкагында өттү. 

Анда тараптар биргелешкен чек араны коргоо, делимитация жана демаркация маселелери боюнча бир катар актуалдуу темаларды талкуулашты. Эки мамлекеттин чек ара ведомстволорунун башчылары чек ара аймагындагы кызматташтыкты бекемдөөнү жана ар кандай иш-чараларды анын ичинде маданий жана спорттук иш-чараларды туруктуу негизде өткөрүүнү макулдашты. Ошондой эле чек арада келип чыккан бардык маселелер жана сүйлөшүүлөр биргелешкен дипломатиялык жол аркылуу чечүүнү макулдашууга жетишти.