Жаңылыктар
“Парк идеясынын жаралышы” боюнча көргөзмө өтүүдө
Маданият
“Парк идеясынын жаралышы” боюнча көргөзмө өтүүдө

Бишкекте орус окумуштуу-ойчулу, сүрөтчү Николай Рерихтин “Парк идеясынын жаралышы” боюнча көргөзмө өтүүдө. Иш чарада  Рерихтин кыргыз тарыхын изилдөөгө, улуттун улуу цивилизациясынын түптөлүшүнө кошкон салымы, мындан сырткары, архитектуралык  эстеликтердеги негизги маданий элементтерди чагылдыруудагы өзгөчө орду белгиленүүдө. 

Ишеналы  Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин илимий иштер боюнча проректору Эмил Каниметовдун айтуусунда, Николай Рерихтин эмгектери эскерүүгө  татыктуу. Иш чаранын негизги максаты да улуу инсанды унутта калтырбай, анын Кыргызстандын улуу көчүн изилдөөдөдөгү илимий  эмгектерин коомчулукка жеткирүү болуп саналат.

Белгилей  кетсек, улуу сүрөтчү Николай Рерих 1923-28-жылдары Борбор Азияга саякат жасап, экспедиция убагында  чогултулган илимий  материалдары Гималай  изилдөөлөр  институтунун негизин түзгөн  жана азыркы  илимдин жаңы багыттарын ачууга  жол ачкан.

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"