Жаңылыктар
А. Жапаров IT-коворкинг борборунда болуп, мамлекеттик ишмердүүлүктө санариптик технологияларды колдонуу маселесин талкуулады
Кыргызстан жаңылыктары
А. Жапаров IT-коворкинг борборунда болуп, мамлекеттик ишмердүүлүктө санариптик технологияларды колдонуу маселесин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы IT-коворкинг борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты.Таанышуунун жүрүшүндө республиканы санариптик жактан өнүктүрүү мамлекеттик ишмердүүлүктүн негизги багыттарынын бири экени белгиленди.

IT-борборго болгон сапарда МинКаб Төрагасына борборду мындан ары өнүктүрүү пландары, фрилансерлер үчүн коворкинг, IT-хаб жана анын башка мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды.

МинКаб Төрагасы бизнести өнүктүрүү, анын ичинде маалыматтык технологиялар тармагында жалпы экономиканын өнүгүшүнө мультипликативдик таасир берээрин белгиледи.

“Жеке бизнеске маалыматтык технологияларды колдонууга жана жогорку көрсөткүчтөргө жетишүүгө мүмкүндүк берген IT-чечимдери мамлекеттик көйгөйлөрдү чечүү үчүн жаңы инструмент болуп калышы мүмкүн жана өлкөдөгү санариптештирүү процессин тездетүүгө жардам берет. Учурда өлкөдө ишке киргизилген IT-чечимдердин көбү бизнеске жана мамлекеттик органдарга санариптик трансформация көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берүүдө. Жыл сайын аларга суроо-талап өсүүдө. Биз аны жайылтууга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүүгө, ошондой эле бул тармакты өнүктүргөн компанияларды колдоо боюнча кошумча чараларды көрүүгө даярбыз”, - деп белгиледи Акылбек Жапаров.