Жаңылыктар
Президент БУУда бир катар көйгөйлөрдү көтөрдү
Кыргызстан жаңылыктары
Президент БУУда бир катар көйгөйлөрдү көтөрдү

Геосаясий чыңалуулар, анын фонунда жаралган инфляция, коопсуздук, климаттык өзгөрүүлөрдүн алдын алуу аракеттери жана аны каржылоодогу кыйынчылыктар. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясында дүйнө коомчулугунун көңүл чордонунда турган бир катар маселелерди көтөрдү. Айрымдары боюнча сөздөн ишке өтүүгө чакырды.