Жаңылыктар
Садыр Жапаров Корея Республикасынын Президенти Юн Сок Ёль менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров Корея Республикасынын Президенти Юн Сок Ёль менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Кореянын Президенти Юн Сок Ёль менен жолугушту. Өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун негизги аспектилери боюнча пикир алмашты. Садыр Жапаров Корея менен кызматташтыкты чыңдоо жана өнүктүрүү - өлкөнүн тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин баса белгиледи. 

Кыргызстан Корея Республикасын Азия-Тынч океан аймагындагы маанилүү жана артыкчылыктуу өнөктөштөрүнүн бири катары эсептейт. Мамлекет башчысы Корея менен кызматташуунун бардык артыкчылыктуу багыттары боюнча өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө абдан кызыкдар экендигин билдирди. Экономикадагы "жашыл долбоорлордун" ордуна тышкы карызды реструктуризациялоо тууралуу кыргыз тараптын демилгеси тууралуу айтып жатып, Садыр Жапаров кызматташуунун бул вариантын эки тараптуу контекстте кароону да сунуштады. Мамлекет башчысы акыркы жылдары эки тараптуу саясий диалог жигердүү өнүгүп жатканын канааттануу менен белгиледи. Учурдан пайдаланып, Президент Садыр Жапаров Корея лидерин Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды. 

Өз кезегинде Кореянын Президенти Юн Сок Ёль Кыргызстанда жаңы шаарлардын курулушу, ири инвестициялык долбоорлор тууралуу кабардар экенин айтып, корей тараптын аларды ишке ашырууга катышууга даярдыгын баса белгиледи. Баарлашуунун жүрүшүндө Юн Сок Ёль Корея өз тарабынан алдыңкы технологияларды колдонуу жаатындагы мыкты тажрыйбасын керек болгон бардык адамдар менен бөлүшүүгө даяр экендигин баса белгиледи.