Жаңылыктар
Сууда сүзүүчү Денис Петрашов Париж Олимпиадасына жолдомо алды
Кыргызстан жаңылыктары
Сууда сүзүүчү Денис Петрашов Париж Олимпиадасына жолдомо алды

Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди. Бул жолдомосун спортчу Японияда өткөн сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпионатынын жыйынтыгы менен алды. Буга чейин Петрашов 2016-жылы Рио жайкы олимпиадасына жана 2021-жылы Токиодогу Олимп оюндарына катышкан. 

Эскерте кетсек, 2024-жылы Франциянын Париж шаарында жайкы Олимпиада оюндары өтөт.