Жаңылыктар
Ысык-Көлдү таштандыдан тазалоо. 17 миң тоннага жакын таштанды чыгарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көлдү таштандыдан тазалоо. 17 миң тоннага жакын таштанды чыгарылды

Ысык-Көлдү тазалоонун 156-күнүндө суучулдар көлдүн астынан 16721 кг таштанды, 103950 метр балык уулоочу тор чыгарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Соңку апта ичинде Чолпон-Ата шаарындагы "Бакыт" жана "Голубой Иссык-Куль" пансионаттары эки жолу тазаланды. 

Андан соң суучулдар облустун Тоң районунун Кара-Шаар, Кара-Талаа, Ак-Сай айылдарына жакын жердеги көлдүн астын тазалашты. Ысык-Көлдү тазалоо иштери президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2023-жылдын 12-мартында башталып, 156 күн ичинде 246 миң 283,5 гектар аянт тазаланды.