Жаңылыктар
Бразилия Аргентинага каршы беттешке карата машыгууларын баштады
Спорт
Бразилия Аргентинага каршы  беттешке карата машыгууларын баштады

Футбол боюнча Бразилия курамасы Аргентинага каршы беттешке карата даярдык машыгууларын баштады. 

Алардын катарына Неймар келип кошулду. 

Беттеш 2018-жылдагы Орусияда боло турган Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында өтөт. 

Бүйүрдү кызыткан таймаш болсо «Минейран»стадионунда орун алат. 

Дал ушул майданда 2014-жылы Германияга 7:1 ири эсебинде утулушкан. 

Аргентина-Бразилия оюну бейшембиден жумага караган түнү Бишкек убактысы боюнча саат 5:45те орун алат.