Жаңылыктар
Финансы институттары Кыргызстанга акча береби?
Кыргызстан жаңылыктары
Финансы институттары Кыргызстанга акча береби?

Гидроэнергетика, транспорттук инфраструктура жана санариптештирүү жаатындагы "жашыл" демилгелер. 

Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарына болгон иш сапарынын алкагында бир катар эл аралык финансы институттарынын жетекчилери менен жолугушту. 

Анда мамлекет башчысы Кыргызстан эл аралык уюмдар менен бир катар ири долбоорлорду өнүктүрүүгө кызыкдар экенине басым жасады. 

Финансы институттарынын жетекчилери өлкөнүн жашыл долбоорлор жаатында аракеттерин баалап, ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгилешүүдө.