Жаңылыктар
Баткен: ирригация тармагын жакшыртуу аракети
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен: ирригация тармагын жакшыртуу аракети

Кадамжай районунун Исхак Полот хан айыл аймагындагы сугат каналдын курулушу аяктады. Муну менен миң гектар айдоо жерге суу берүү жакшырды. Ал үчүн капиталдык салымдар беренеси аркылуу, мамлекеттик бюджеттен 156 миллион сом бөлүнгөн. Ал эми суу чарба тармагын 2026-жылга чейин өнүктүрүнүн мамлекеттик программасына ылайык Баткен облусу боюнча 8 чоң суу чарба объектиси киргизилген.