Жаңылыктар
Окуу китептеринин жетишсиздиги толукталууда
Кыргызстан жаңылыктары
Окуу китептеринин жетишсиздиги толукталууда

Быйылкы окуу жылга 1 млн 278 миң нускада окуу китептери, мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор жана жумушчу дептерлер басылып чыгат. Бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 10 эсе көп. 

Азыркы тапта 136 миң нускадан ашуун китеп басылып чыгып, мектептерге таркатылууда. Билим берүү жана илим министрлиги 2022-жылы 123 миӊ китеп басылганын билдирди.