Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Сокулук районунун Селекция айылында өзгөчө мыкаачылык менен кулагы, мурду кесилген келиндин иши боюнча кеңешме өткөрдү.
Анда буга чейин фемида өкүлү чыгарган чечим талкууланып, анын аракетине баа берилери айтылды. Эскерте кетсек, шектүүгө буга чейин эки жолу зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Биринчи кылмыш иши былтыр 19-октябрда Сокулук райондук сотунда каралып, кыскарган. Буга жабырлануучунун тосмо арыз бергени жана сот отурумунда тараптар элдешкени себеп болгон.
Экинчи кылмыш иши да Сокулук райондук сотунда каралып, айыпталуучу беш жылга абакка кесилген. Сот шектүүнүн улгайган, көзү азиз апасын карай турган эч кимиси жоктугун, айыпталуучу менен жабырлануучунун ортосунда эки бала бар экенин эске алып, үч жыл пробациялык мөөнөт берген. Жабырлануучу бул чечимге макул болбой, Чүй облустук сотуна кайрылган. Иш облустук сотто 27-сентябрда каралмак.