Жаңылыктар
Бишкек-Ташкент багытында автобустар үзгүлтүксүз каттап жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек-Ташкент багытында автобустар үзгүлтүксүз каттап жатат

Бишкек-Ташкент багытында автобустар үзгүлтүксүз каттап жатат. Бул тууралуу “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасы билдирди. 

Күн сайын кечки саат 19:00до жана 21:00до Батыш автобекетинен Бишкек-Ташкент эл аралык каттамы боюнча көп орундуу, автобустар жүрүүдө. Былтыртан тарта жанданган бул каттамда билет баасы чоңдор үчүн 2000 сом, ал эми 7 жашка чейинки балдар үчүн 1000 сомду түзөт.