Жаңылыктар
Айсулуу Тыныбекова Дүйнөнүн 3 жолку чемпиону аталды
Спорт
Айсулуу Тыныбекова Дүйнөнүн 3 жолку чемпиону аталды

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Дүйнөнүн 3 жолку чемпиону аталды.

Тыныбекова 16-сентябрдан 24-сентябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө биринчилигине 62 кг чейинки салмак чен бирдигинде 1/16 финалдык баскычтан тарта катышты.

Аталган беттеште Тыныбекова польшалык, молдовалык, украиналык жана германиялык балбандарды артта калтырып, финалга өткөн.

Финалдык беттеште кыргыз балбаны япониялык Сакура Мотоки менен күч сынашып, аны 4:1эсебинде жеңип, алтын медалга татыды. Айсулуу Тыныбекова буга чейин Дүйнөнүн эки жолку чемпиону болгон.

Белгилей кетсек, аталган чемпионатта 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулууда. Ошентип, Тыныбекова Олимпиада оюндарына дагы жолдомо алды.