Жаңылыктар
Акжол Махмудов Парижде өтчү Олимпиада оюндарына жолдомо утту
Спорт
Акжол Махмудов Парижде өтчү Олимпиада оюндарына жолдомо утту

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Акжол Махмудов Дүйнө чемпионатынын финалына чыгып, аны менен бирге Олимпиада оюндарына лицензия утту.

16-сентябрдан 24-сентябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө биринчилигине Махмудов 77 кг чейинки салмак ченинде катышып, 1/16 финалдык баскычтан тарта күч сынашууда.

Махмудов аталган мелдеште норвегиялык, египеттик, өзбекстандык балбандарды утуп, жарым финалга чыккан.

Ал эми жарым финалдык беттеште япониялык спортчу Нао Кусака менен күч сынашып, аны 7:5 эсебинде жеңди.

Бүгүн, 22-сентябрда өтчү финалдык беттеште Акжол Махмудов азербайджандык Санан Сулейманов менен кез келет. Финал Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.