Улуттук банк акча алмаштыруучу төрт бюрого айып салды. Бул чечим Кыргызстандын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын бузулушуна байланыштуу кабыл алынган.
Ага ылайык, ар бир акча алмаштыруучу жайга 55 миң сомдон айып салынды. Анын жалпы суммасы 220 миң сомду түздү.