Жаңылыктар
Ашууларга калыңдыгы 20 см чейин кар түштү
Кыргызстан жаңылыктары
Ашууларга калыңдыгы 20 см чейин кар түштү

"Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасы өлкөнүн ашууларына калыңдыгы 20 см чейин кар түшкөнүн билдирди.

Ишкананын маалыматына ылайык, жумушчулар жолдорду тазалоо иштерин тынымсыз жүргүзүп жатышат, учурда ашуулардагы абал төмөнкүдөй:

- Бишкек - Ош унаа жолунун 125-136 тилкесиндеги Төө-Ашуу ашуусунда ала булут каптап, кар жаады. Учурда 1 жүктөгүч, 1 МАЗ, 1 автогрейдер тартылып, №9 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан жолду кардан тазалоо, ошондой эле туз-кум аралашмасын себүү иштери аткарылууда. Жолдон өтүүгө чектөөлөр жок.

- Суусамыр - Талас - Тараз унаа жолунун 5-22 км аралыгындагы Өтмөк ашуусунда 5 см калыңдыкта кар жаап, №36 Жол тейлөө ишканасынын жумушчулары 1 жүктөгүч менен карды тазалоо иштерин жүргүзүштү. Азыркы учурда жол кыймылына чектөө жок, өтмөк ачык.

- Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун Долон ашуусунда кардын калыңдыгы 20 сантиметрге чейин жеткен. 1 автогрейдер, 1 Хово самосвалы, 1 КДМ кар тазалоочу унаасы менен тазалоо иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле Жалак-Бел ашуусунда кар жаап, № ЖТИ тарабынан жеринде кардан тазалоо иштери жүрүп жатат. Учурда аталган жолдор ачык жана эч кандай чектөөлөр жок.

- Бишкек - Ош унаа жолунун 209-228-чакырымындагы Чычкан капчыгайында жааган кардын калыңдыгы 7-8 смге чейин жетип, №23 ЖТИ кызматкерлери кардан тазалоо иштерин жүргүзүп, ошондой эле туз-кум аралашмасын себишти. Тартылган техника: 1 Хово самосвал, 1 жүктөгүч жана 1 автогрейдер.

- Ысык-Көл районундагы Сөөк ашуусунда бир аз бороон жүрүүдө. Кардын калыңдыгы 10 сантиметрге чейин жеткен. Учурда ашуу ачык, чектөөлөр жок.