Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров ири инвесторлор менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров ири инвесторлор менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарына болгон иш сапарынын алкагында америкалык ири финансылык жана инвестициялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту. Мамлекет башчысы өлкөдө бизнести ыңгайлуу жүргүзүү үчүн бардык шарттарды түзүү аракеттери жигердүү жүрүп жатканын айтты. 

Мамлекет башчысы менен жолугушууга финансылык кызматтарды көрсөтүү, консалтинг, инвестицияларды башкаруу, инновациялык каржылык чечимдер чөйрөсүндөгү алдыңкы компаниялардын жетекчилери келишкен. Бул компаниялардын айланткан акчалары эле - алардын инвестиция, финансы тармагында канчалык таасирдүү экенинен кабар берет. Анан да алар Кыргызстан менен таанышууга кызыкдар.