Жаңылыктар
Калаа башчысы шаарды кыдырып, аткарылып жаткан жумуштарды көрдү
Кыргызстан жаңылыктары
Калаа башчысы шаарды кыдырып, аткарылып жаткан жумуштарды көрдү

Көп кабаттуу үй кура турган компаниялар мындан ары турак жайга жакын жердеги жол, тротуарларды да салат. Бишкек мэри ишканаларга курулушка уруксат берүү алдында дал ушундай талап коюларын билдирди. 

Борбор калаада көп кабаттуу үйлөрдү курган компаниялар арбын. Бирок алар турак жайды гана салып, анын айланасындагы инфратүзүм маселесин мамлекет гана чечип келген. Бишкекте мындан ары андай болбойт. Үйдү салып, ага жакын жердеги жол, тротуар, ирригация тутумун, жарыктандырууну жөнгө салууну курулуш компаниялары колго алат. Мэриянын бул талабы аткарыла баштады.

Мэриянын демилгесин алгачкылардан болуп колдогон ишканалар шаардын түштүк тарабындагы Куттубаев көчөсүндө үйлөрдү куруп жатышат. Жакын жерде иш алып барган компаниялар биригип каражат топтогон. 720 метр тилке үчүн 39 миллион сом сарпталат экен.

Көк түтүн Бишкектеги негизги көйгөйлөрдүн бири. Көмүрдөн көгүлтүр отко өтүү андан арылуунун негизги жолу катары каралып келатат. Калаа башчысы газ жеткирилген мектептерди да көрсөттү. Көмүр жагылган мурдагы от казандары эскирип да калган.