Жаңылыктар
Россия киргизген чектөөнүн Кыргызстанга тиешеси жок
Кыргызстан жаңылыктары
Россия киргизген чектөөнүн Кыргызстанга тиешеси жок

Россия өкмөтү бензин менен дизель майын өлкөсүнөн ташып чыгууга убактылуу тыюу салды. Анын Кыргызстанга тиешеси жок. Бул тууралуу документтин өзүндө айтылат. Өлкөлөр ортосунда буга чейин кол коюлган келишимге ылайык, Кыргызстанга мунайзатты үзгүлтүксүз жеткирүү макулдашылган көлөмдө уланып жатканын Энергетика министрлиги билдирди. 

Орусиянын өкмөтү 21-сентябрда бензин менен дизель майын экспорттоого тыюу салды. Убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө токтомуна кол коюлган. Мындай чечим түшүм жыйноо учурунда жогорулаган ички бааларды турукташтыруу үчүн кабыл алынганы айтылат. 

Кыргызстан күйүүчү майды негизинен Орусиядан ташып келет. Мындан улам, бензин тартыштыгы жаралышы мүмкүн деген сөздөр болууда. Өлкөдөгү нефтетрейдерлер ассоциациясынын өкулдөрү, кооптонууларга негиз жок экенин билдирди. Анткени, расмий Москва кабыл алган экспортко чектөө Кыргызстанга тиешеси жок. Орусиянын өкмөтү кабыл алган токтомдун 2-пунктунда убактылуу тыюу Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерге жайылтылбай тургандыгы так көрсөтүлгөн.

Белгилей кетсек, Кыргызстан Орусиядан күйүүчү майды салыксыз ташып келет. Атайын өкмөттөр аралык келишимге ылайык, быйыл 460 миң тонна бензин жана 485 миң тонна дизель каралган.

Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришкендей, Кыргызстанда бензин, солярка тартыштыгы байкалган жок. Май куюучу жайларда тиешелүү кору бар. Ошондой эле, тоскоолдуксуз ташылып келе жатканы белгилүү болду.