Жаңылыктар
Кыргызстандын мектеп окуучусу тарых жаратты
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын мектеп окуучусу тарых жаратты

Ушул тапта дүйнөлүк билим берүү мейкиндигинде Кыргызстандын желегин желбиретип жаткан мектеп окуучулары бар. Алардын бири быйыл информатика сабагынан эл аралык жарышта күмүш медаль тагынууга жетишти.

Венгриянын Сегед шаары. 28-августтан 4-сентябрга чейинки аралыкта бул аймакка дүйнөнүн 90 өлкөсүнөн 350 дөн ашык эң акылдуу окуучулар чогулду. Бир жумага созулган информатика боюнча 35-олимпиадага быйыл Кыргызстандан 4 окуучу чакыруу алган.

Дүйнөдөгү эң ири олимпиада деп саналган иш чарага Кыргызстан 2000-жылдан бери катышып келет. Ал арада бир канча ирет кызыктыруучу сыйлыктар жана коло медалдарды багындырып келишкен биздин окуучулар, бул ирет өз өлкөсү үчүн жаңы тарых жасап, күмүш медаль тагынып, Борбор Азия өлкөлөрү арасында алдыңкы сапка чыкты.

Күмүш медалдын ээси - Айдар Мундузбаев, Бишкек шаарындагы Ч. Айтматов атындагы лицейдин 11-классын бүтүргөн. Жанындагы Теңгиз Беккоёнов дагы бул жолку дүйнөлүк олимпиададан коло медалга татып, экөө тең, Кореяда информатика багытындагы жогорку окуу жайында билим алып жатышат. Бүгүнкү сыйлоо иш чарасын алар аралыктан көрүп турушту.

Алихан Айдарбеков, Нарын шаарындагы М. Субакожоев атындагы лицейдин 10-классында окуйт. Дүйнөнүн булуң бурчунан чогулган мыкты окуучулардын арасынан коло медаль тагынды. 1-класстан бери информатика багытына кызыккан Алихан, дагы далай бийиктиктер алдыда дейт.