Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында өкмөттүн түзүмү каралууда.
Ошондой эле премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков министрлер кабинетинин программасын сунуштоодо.
Эскерте кетсек, кечээ Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков тарабынан сунушталган Өкмөттүн программасын, түзүмүн колдоого алган.
ФОТО: www.gov.kg