Жаңылыктар
Базардагы абал: Кыргызстанда өндүрүлгөн ун кымбаттаган жок
Кыргызстан жаңылыктары
Базардагы абал: Кыргызстанда өндүрүлгөн ун кымбаттаган жок

Ун базарында эч кандай дүрбөлөң жок. Баа туруктуу. Айыл чарба министрлиги менен ун өндүрүүчүлөр бирикмеси ордо калаадагы жарманкелерди кыдырды. Импорттолгон ундун наркы жогорулаганы болбосо, ата мекендик өндүрүштөн чыккан биринчи сорттогу бир кап ун 1 миң 500 сомдон сатылууда.

Өлкөдө ундун баасы көтөрүлгөн жок. Базарда унга суроо-талап жогорулап, ун таппай калдык дегендер деле байкалбайт. Бирок эмнегедир ун кымбаттады деп, алып-учуп жаткандар четтен чыгууда. Ата мекендик өндүрүүчүлөр биринчи сорттогу бир кап унду мурдагыдай эле 1500 сомдун тегерегинде сатууда. Талант Абдылдаев ордо калаада уюштурулган жарманкеден ун сатып алууга келген. 

Өлкө аймагында импорттолгон ун кымбаттап кеткендиктен комбинаттар тегирменден чыккан баада сатуу боюнча жарманкелерди уюштурган. Анда 1-сорттун 1 кг-ы 30 сомдон ашпайт.

Бишкек шаарындагы ун сатылуучу жарманкелердин дареги:

“Дордой моторс” базары;
“Ош” базары;
“Аламүдүн” базары болжолу “Табылга” соода борборунун аялдамасы;
“Орто-Сай” базары, болжолу “Оберон” бөлүмүнүн кире бериши;
“Дордой фут” базары.
Бишкек шаарындагы ун жарманкесинде ата мекендик ундун баасы:
жогорку сорт - 1 860 сом;
1-сорт - 1500 сом;
2-сорт - 1125 сом.