Жаңылыктар
Кыргызстанга араб өлкөлөрүнөн таанымал блогерлер келди
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанга араб өлкөлөрүнөн таанымал блогерлер келди

Алардын максаты Борбор Азиядагы туристтик дарамети бар өлкөнү өз мекенине таанытуу жана табияты кооз жерлерди көрүүчүлөрүнө жайылтуу. Бул иш-чара турим департаменти тарабынан уюшулган.

Араб өлкөлөрүнөн келген 150 блогердин арасында миллиондогон катталуучусу бар блогерлер, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, туризм секторунун адистери бар. Сапардын башкы максаты экологиялык таза азыктары, кооз табияты менен таанылган Борбор Азиядагы туристтик дарамети чоң Кыргызстанды жер жүзүнө таанытуу.

Мындай маалыматтык компания Кыргызстан аркылуу Бириккен араб Эмиратынын массалык маалымат каражаттары жана блогерлер тарабынан социалдык тармактарында кеңири чагылдырылат. Ошондой эле Кыргызстанга таандык кийимдер, жаратылышы, тамак-ашы тууралуу билдирүүлөр боюнча видеоклиптер, сынактар жарыяланат. 

Учурда Бишкек менен Дубайдын, Абу-Даби жана Эль-Кувейт шаарларынынын ортосунда туруктуу авиакаттамдар иштейт. Туристтик компаниялар Кыргызстанды мындай жол аркылуу таанытуу өз жемишин берет деген пикирде.