Жаңылыктар
Арыктарды тазалап, кеңейтүү зарыл
Кыргызстан жаңылыктары
Арыктарды тазалап, кеңейтүү зарыл

Бүгүн эртең менен нөшөрлөп жааган жаандан улам, Арча-Бешик конушунда 90 үйдүн короосун суу каптады. Тургундар эртеден кечке топтолгон ылайды чыгаруу менен убара. Жергиликтүүлөр 20 жылдан бери күз, жаз айларында ушундай көйгөйгө туш болушат экен. 

Түштүк магистраль менен Чортеков көчөсүнүн кесилишинде турабыз. Шар аккан суу үчүн чоң көлөмдө түтүк орнотулган. Андан ары суу каякка агарын өзү билет. Себеби арыктар өтө эле кичинекей. Шар аккан суу тротуардан ашып тургундардын үйүн каптаган. Жергиликтүүлөр бул көйгөйдү 20 жылдан бери айтып келет.