Жагымдуу жанылык менен беруубузду улантабыз. Акжол Махмудов экинчи ирет дүйнөнүн чемпиону болду. Ал Дүйнө биринчилигинде алтын медаль алды. Финалда кыргыз балбаны азербайжандык Санан Сулейманов менен кез келип, дагы бир жолу мыктылыгын далилдеп, алтын медаль багындырды.
Акжол Махмудов буга чейин Дүйнөнүн бир жолку чемпиону болгон. Былтыр сентябрь айында ушул эле Белград шаарында Дүйнө биринчилигинде чемпион аталган. Белгилей кетсек, Махмудов Олимпиада оюндарына дагы жолдомо алды. Буга чейин балбан Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынып, Олимпиада оюндарына жолдомо уткан. Ал эми Айсулуу Тыныбекова алтын медаль утуп, ал дагы Олимпиадага лицензия уткан.
Ошондой эле балбан Жоламан Шаршенбеков чемпионатттын финалына чыгып, Олимпиадага дагы бир жолдомону камсыздады. Мындан тышкары, суучул Денис Петрашов Японияда өткөн сууда сүзүү боюнча Дүйнө чемпионатынын жыйынтыгында дагы бир лицензия алып келди.