Жаңылыктар
Акылбек Жапаров иш сапары менен Казакстанда
Кыргызстан жаңылыктары
 Акылбек Жапаров иш сапары менен Казакстанда

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын Тараз шаарына жумуш сапары менен барды. Жумуш сапарынын алкагында минкаб төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 11-жыйынынын тар жана кеңейтилген курамдагы отурумдарына, Кыргызстан менен Казакстандын Биринчи региондор аралык форумуна катышат жана эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. 

Иш-чаралардын соңунда кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 11-жыйынынын протоколуна жана региондор аралык документтерге кол коюлаары күтүлүүдө.