Жаңылыктар
АКШда президенттик шайлоо аяктап, учурда добуштар саналууда
Дүйнө
АКШда президенттик шайлоо аяктап, учурда добуштар саналууда

Алдын ала маалыматтар боюнча, Республикалык партиянын талапкери Дональд Трамп алдыда келе жатат. Трампка 222, Клинтонго 209 тандоочу добуш берди.

Эскерте кетсек, АКШда президенттик шайлоодо жеңишке жетиш үчүн 270 тандоочунун добушуна ээ болуу керек. Анан да президент шайлоочулардын добуштарынын саны менен эмес, штаттардын көпчүлүгүнүн колдоосу менен аныкталат. 

Шайлоо эки тепкич менен өтөт. Башында жарандар бир гана талапкерге эмес, тандоочуга да колдоосун көрсөтүшөт. 

Андан соң шайланган тандоочулар президенттикке талапкерге добуш беришет. АКШнын ар бир жараны тандоочу боло алат, көп учурда тандоочу белгилүү адамдар болушат. Жалпысынан 50 штаттын ичинен 538 тандоочу шайланат.