Жаңылыктар
Акылбек Жапаров кыргыз-казак аймактар аралык форумунда: 60 млн доллардан ашуун келишимдерге кол коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров кыргыз-казак аймактар аралык форумунда: 60 млн доллардан ашуун келишимдерге кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Тараз шаарында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Аймактар аралык кызматташтыгынын Биринчи форумуна катышты.

Анда МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Казакстан Республикасынын Премьер-министри Алихан Смаилов менен биргеликте жаңы диалог аянтчасы болгон Аймактар аралык кызматташтык форумунун пайдубалын түптөп жатканын белгиледи.

“Форум эки тарапка тең пайдалуу жаңы долбоорлор жана демилгелер менен коштолуп, экономикалык, соода жана инвестициялык байланыштарды арттырууга жана диверсификациялоого, биздин өлкөлөрдүн аймактарынын ортосундагы ишкердик, маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө жаңы түрткү болот деп ишенем. Аймактар аралык кызматташуу ар дайым биздин өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн көңүл борборунда экендигине бардыгын ишендиргим келет. Ошондуктан бул Форумга Кыргызстандын бардык жети облусунун жетекчилери келишти”, - деди МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров. 

Акылбек Жапаров ошондой эле аймактар ортосундагы экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана өз ара кызыкчылык туудурган жаңы кадамдарды табуу кызыкчылыгында биргелешкен кадамдарды жасоо керектигин кошумчалады. 

Аймактар ортосунда бекем мыйзамдык базанын бар экендигин белгилеп, “Алар — аймактарыбыз менен шаарларыбыздын ортосунда бир тууган шаарлардын мамилелерин түзүү жөнүндөгү документтер, достук мамилелер жана ишкердик кызматташтык жөнүндөгү келишимдер, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташуу жөнүндөгү келишимдер”, - деди Акылбек Жапаров. 

МинКаб Төрагасы бир тууган шаар мамилелерин түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү жаңы меморандумдар өндүрүштүк-техникалык продукцияларды, сырьелорду, эл керектөөчү товарларды, азык-түлүк жана жашылча-жемиштерди өз ара жүгүртүүдө жагымдуу шарт түзүлөөрүн билдирди. 

Белгилей кетсек, Форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Казакстан Республикасынын Актөбө облусунун Акимчилигинин ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү жөнүндө меморандум, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ош шаары менен Казакстан Республикасынын Шымкент шаарынын ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү жөнүндөгү меморандумга кол коюлду. 

Өз кезегинде Казакстан Республикасынын Премьер-министри Алихан Смаилов Кыргызстандын инвесторлоруна жана ишкерлерине Казакстандын аймагында инвестициялык ишмердүүлүктү жүргүзүүдө колдоо көрсөтүүгө ар дайым даяр экендигин билдирди. 

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын Биринчи аймактар аралык форумунун алкагында казак-кыргыз ишкерлеринин ортосунда бизнес диалогу дагы болуп өттү. Анын алкагында 60 млн доллардан ашуун эки тараптуу коммерциялык макулдашууларга жана келишимдерге кол коюлду.