Жаңылыктар
Мурдагы аялын бычактаган деген шек менен кармалган адам 2 айга камалды
Кыргызстан жаңылыктары
Мурдагы аялын бычактаган деген шек менен кармалган адам 2 айга камалды

Селекция айылында мурдагы аялын бычактаган деген шек менен кармалган адам 20-ноябрга чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынды. Мындай чечимди Сокулук райондук соту чыгарды. Эскерте кетсек, 20-сентябрда Селекция айылында 36 жаштагы аял бычакталып, кулак-мурду, бети кескиленип ооруканага түшкөн. Буга шектүү катары келиндин мурдагы күйөөсү 39 жаштагы адам кармалган.