Жаңылыктар
Электрондук ветеринардык сертификаттарды берүү системасы пайдаланууга киргизилди
Кыргызстан жаңылыктары
Электрондук ветеринардык сертификаттарды берүү системасы пайдаланууга киргизилди

2023-жылдын 1-сентябрынан тартып электрондук ветеринардык сертификаттарды берүү системасы пайдаланууга киргизилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Биринчи этап менен Ветеринардык кызматтын аймактык бөлүмдөрү тарабынан ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге жаныбарлардан алынган азыктарды жана тирүү жаныбарларды экспорттоого форма 1, 2, 3 ветеринардык сертификаттары берилүүдө. Ушул күнгө чейин "Бирдиктүү терезе" маалыматтык системасы аркылуу 182 ветеринардык сертификат берилди.