Жаңылыктар
Жоламан Шаршенбеков экинчи ирет грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болду
Кыргызстан жаңылыктары
Жоламан Шаршенбеков экинчи ирет грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болду

Жоламан Шаршенбеков экинчи ирет грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болду. Сербияда өтүп жаткан мелдеште ал Литва, Грузия, Өзбекстан, Иран жана Жапониянын балбандарын утту. Белграддагы дүйнө биринчилигинен Кыргызстандын куржунунда 5 медаль бар. Грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков алтын, кыз-келиндер арасынан Айсулуу Тыныбекова алтын, Айпери Медет кызы күмүш, ал эми эркин күрөш Тайырбек Жумашбек уулу коло байгеге ээ болду.