Жаңылыктар
Кыргызстандык 160 спортчу Азия оюндарынын ачылышында парадга чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандык 160 спортчу Азия оюндарынын ачылышында парадга чыкты

Кыргызстандык 160 спортчу Азия оюндарынын ачылышында парадга чыкты. Эскерте кетсек, Кытайдын Ханчжоу шаарында жайкы Азия оюндарынын ачылыш аземи болду. Иш-чара Олимпиада спорттук борборунун стадионунда уюштурулган. Ачылыш салтанаттын программасы үч бөлүк менен өткөрүлдү. Алар "Улуттук каада-салттардын көркөмү", "Цзяньтан дарыясындагы кысык", "Кол кармашып баратабыз" бөлүмдөрү. Атлеттердин парадына 45 өлкөдөн келген өкүлдөр катышты. Кыргызстандын туусун волейболчу Оңолбек Каныбек уулу жана фехтование оюнчусу Камила Абдыл-Хамитова көтөрүп чыкты. Азия оюндары 8-октябрга чейин уланат. Кыргызстандын намысын 160 атлет коргойт, алар спорттун 23 түрү боюнча күч сынашат.