Жаңылыктар
Акысын төлөбөгөндөрдүн жарыгы өчүрүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Акысын төлөбөгөндөрдүн жарыгы өчүрүлөт

26-сентябрдан тартып Бишкек шаарындагы төлөмдөрдү өз маалында жүргүзбөгөн 6 миң 800 абоненттин жарыгы аралыктан өчүрүлөт. Бишкек электр тармактар ишканасынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн компания абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат. 

Белгиленгендей, ишкананын “Абоненттин балансы” рубрикасы иштеп келет. Анын жардамы менен бардык абоненттер өздүк эсебин каалаган учурунда биле алышат.