Жаңылыктар
Балбан кыздар Сербиядан келишти
Кыргызстан жаңылыктары
Балбан кыздар Сербиядан келишти

Сербиянын борбору Белградда өткөн Дүйнө чемпионатында ийгилик жараткан кыргызстандык балбан кыздар мекенине кайтып келди. 24-сентябрда аларды "Манас" эл аралык аэропортунан Спорттун Олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Бактыяр Бокоев, "Тайманбас ОРАБӨ" мектебинин директору Асеин Төрөгелдиев, спортчулардын жакындары жана күйөрмандары тосуп алды.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы Дүйнө чемпионатында 2 медаль (1 алтын, 1 күмүш) утту.

Айсулуу Тыныбекова алтын тагынып, Дүйнөнүн 3 жолку чемпиону аталды, ошондой эле Париж Олимпиадасына жолдомо алды. Айпери Медет кызы күмүш медаль алып, жайкы Олимпиада оюндарына лицензия утту. Курама команда башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков, улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев жана машыктыруучу Билимбек Капарбековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.