Жаңылыктар
Инвесторлордон акча талап кылууга шектүүлөр кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Инвесторлордон акча талап кылууга шектүүлөр кармалды

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Тергөө кызматынын кызматкерлери тарабынан чет элдик инвесторлордон 200 миң доллар акча каражатын талап кылган жарандар кармалды. Министрликтин басма сөз кызматынан билдиришкендей, 24-сентябрда ИИМдин Тергөө кызматына чет элдик жаран арыз менен кайрылган. Анда, ушул жылдын 22-августунан 16-сентябрына чейинки убакытта Н.Т. инисиалындагы арыздануучунун таанышы "Ислам" жана "Фазиль" аттуу уулдары менен кылмыштуу сүйлөшүп, белгисиз маркадагы ок атуучу курал менен анын үй-бүлөсүнө зыян келтиребиз деп коркутуп, башка өлкөнүн үч жаранына арыздануучуга карата арыз жазууга мажбурлашкан. Анда, президенттик администрациянын жаңы имаратын куруп жаткан жумушчулардан ар биринен 150 миң сом акча каражатын алган деп билдирген.

16-сентябрда саат 21:00 чамасында Т.Н. Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринде болуп, чет элдик жаранды каматам деп жана жогорку кызматтагы адамдар менен коркутуп, республиканын укук коргоо органдары ага карата материалдарды жана арыздарды чогултуп жаткандыгы тууралуу терс маалыматтарды берип, дагы бир жолу жакшылап ойлонорун айтып кеткен. 17-сентябрда саат 20:30 чамасында Т.Н. Бишкектеги кафелердин биринде чет элдик инвесторду шантаж кылууну улантып, жумушчулардын арызы менен коркутуп, 200 миң долларын талап кыла башташкан. Ошол эле күнү бул кылмыш ишинин алкагында 1978-жылы туулган Н.Т.нын жашаган жерине тинтүү жүргүзүлүп, анын BMW X7 үлгүсүндөгү унаасынан өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү баңги заты, темир кастети жана 11 даана патрондор табылып, алынган. Аталган кылмыш ишинин алкагында 24-сентябрда Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96, 97-беренелерине ылайык, башка өлкөнүн эки жараны кармалып, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал эми, 25-сентябрда Жазык-процессуалдык кодексинин 96, 97-беренелерине ылайык 45 жаштагы Н.Т. кармалып, Бишкек миилциясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.