Жаңылыктар
Акыйкатчы кулак-мурду кесилген аялдан кабар алды
Кыргызстан жаңылыктары
Акыйкатчы кулак-мурду кесилген аялдан кабар алды

Аракетсиздиги жана кайдыгерлиги менен үрөй учурган кылмышка жол берген укук коргоо жана сот органдарынын ар бир кызматкери катаал жаза алышы керек. Бул тууралуу акыйкатчы Жамиля Жаманбаева билдирди. Ал дем алыш күнү Селекционное айылында мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп, ооруканада жаткан аялдан кабар алганы барган. 

"Аял бир нече ирет укук коргоо органдарына кайрылып, мурдагы жолдошу зордуктаганы жөнүндө маалымдаган. Ал көмөк, коргоо сураган, бирок ошого карабай өтө оор кылмышка айыпталуучуну үч жылдык мөөнөткө пробация колдонуу менен эркиндикке чыгарып жиберишкен. Сот органдарынын, укук коргоо органдарынын жетекчилиги төбө чачты тик тургузган оор кылмышка жол берген кызмат адамдарына карата катаал чараларды токтоосуз кабыл алууга милдеттүү. Аталган органдардын өздөрүнүн аракетсиздиги, кайдыгерлиги менен үрөй учурган кылмышка жол берген ар бир кызматкери жаза алышы керек", — деди Жаманбаева. 

Ошондой эле ал балдарынын энесине мындай мыкаачылык жасаганы үчүн эркекти эң оор жазага тартуу зарылчылыгын айткан.

Соңунда Жаманбаева Акыйкатчы институту жабырлануучуга жана анын балдарына зарыл болгон жардамды көрсөтөрүн убадалаган.