Жаңылыктар
Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
 Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды

Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо беренеси боюнча каралган кылмыштын негизинде жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө, К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү - Ош облусунун Ноокат районунун эки тургуну кармалды. 

Кармалган жаранга тиешелүү унааны тинтүү учурунда уруксаты жок ок атуучу куралдар, баңгизаттары, ошондой эле “ТОЗ-8” маркасындагы 50 даана 5,6 мм патрондору менен чакан калибрлүү мылтык, 16мм калибрдеги 10 патрон жана “Сталь” мергенчилик бычагы табылып алынды. Азыркы учурда Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-97-беренелерине ылайык кармалгандар Баткен райондук миилциясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.