Жаңылыктар
Пекинде туруктуу транспорт боюнча глобалдык форум өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Пекинде туруктуу транспорт боюнча глобалдык форум өттү

Евразиядагы транспорттук жолдордун ролу, "Бир алкак - бир жол" демилгесинин негизинде кызматташуу, жүктөрдү ташууда логистикалык байланыштарды чыңдоо, анын ичинде "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун куруу боюнча долбоорду жүзөгө ашыруу маанилүү. 

Бул туурасында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Пекинде өткөн "Туруктуу транспорт: Глобалдык өнүгүүгө көмөктөшүү үчүн биргелешип иштейли" аталышындагы Биринчи глобалдык форумунда билдирди. 

Анын айтуусунда, долбоорду ишке киргизүү биздин аймактарды транспорттук туңгуюктан алып чыгат. Болжол менен 4 млрд адамды бириктирет. Азиядан Европага, Жакынкы Чыгыш аймагына, Иранга, Перс булуңуна жана Түндүк Африкага жүк ташууну кеңейтип, өз ара сооданын өсүшүнө оң таасирин тийгизет. Мындан тышкары, "Бедел" көзөмөл өткөрүү пунктунан өтүүчү "Барскоон – Учтурфан – Аксу" жолун куруу, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Түркмөнстан – Азербайжан – Россия жана Европа багыты боюнча "Түштүк транспорттук коридорунун" маанилүүлүгүн белгиледи.