Жаңылыктар
Референдум өткөрүүгө эки миңдей шайлоо участокторун ачуу пландалууда
Саясат
Референдум өткөрүүгө эки миңдей шайлоо участокторун ачуу пландалууда

Кыргызстанда Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүү үчүн эки миңден ашуун  шайлоо участокторун ачуу пландалууда.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. 

Эске салсак, Референдум менен жергиликтүү кеңештерге шайлоо бир күндө 2016-жылдын 11-декабрында өтөт. 

Ал эми өзгөчөлүгү болсо, референдум алгачкы жолу жаңы шайлоо моделинин негизинде өтмөкчү. 

Жергиликтүү кеңешке карата  шайлоо өткөрүү үчүн 218 млн сом керектелип, алардын 76 миллион сому аймактарга бөлүнөт. Ал эми Референдум өткөрүгө  92 миллион 875 миң сом каралган.


Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"