Жаңылыктар
Министрлер Кабинетинде республиканын өзгөчөлөнгөн жарандары сыйланды
Кыргызстан жаңылыктары
Министрлер Кабинетинде республиканын өзгөчөлөнгөн жарандары сыйланды

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын начальниги Айбек Джунушалиев Кыргыз Республикасынын өз ишинде ийгилик жараткан жарандарына Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталарын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан алкыш жарыялады.Өз сөзүндө Айбек Джунушалиев чогулгандарды татыктуу сыйлыгы менен куттуктап, бул сыйлыктарга республиканын билим берүү, медицина, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат, ички иштер, авиация, айыл чарба жана эл аралык иштер тармагындагы көрүнүктүү атуулдарынын ишмердүүлүгү бааланганын белгиледи.

“Сиздер өлкөбүздүн өнүгүшүнө жеке эбегейсиз салым коштуңуздар. Бул сыйлыктар мамлекеттик сыйлыктарга тепкич болуп калсын”, – деп белгиледи Айбек Джунушалиев.