Сауд Аравия Королдугунун Эр-Рияд шаарында өткөн ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар комитетинин кеңейтилген 45-сессиясында Түркиянын борбор шаары Анкарадагы Гордион археологиялык эстелиги «ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине» кошулду. 18-сентябрда Гордион Түркиядан тизмеге кирген 20-мурас объекти катары катталды.
ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар конвенциясы байыркы Гордион шаарын «Темир доорундагы көз карандысыз падышалык Фригиянын байыркы борборунун калдыктарын камтыган көп катмарлуу байыркы конуш» катары сүрөттөйт. ЮНЕСКОнун маалыматында: «Бул жердеги археологиялык казуулар жана изилдөөлөрдүн жыйынтыгында, фригиялыктардын маданияты менен экономикасына жарык чачкан курулуш техникасы, мейкиндик түзүлүштөрү, коргонуу курулуштары жана ингумация практикасы чагылдырылган көптөгөн калдыктар табылды”.
Гордион: Үзгүлтүксүз отурукташкан сейрек жер
Анкаранын Полатлы районунда жайгашкан байыркы Гордион шаары Анадолу жерлеринде из калтырган цивилизациялардын таң калыштуу далили. Өзгөчө универсалдуу баалуулуктары менен Анадолу тарыхына жарык чачкан шаар, Чыгыш менен Батыштын ортосундагы маанилүү кесилиш жери десек да болот.
Гордиондун ордунда отурукташып калган жерлер эрте коло дооруна (болжол менен б. з. ч. 2500-ж.), жакын жерде жайгашкан Яссыхөйүк дөбөсүнө таандык. Бул жердин ар түрдүү цивилизациялар үчүн жагымдуулугун бир нече факторлор менен байланыштырса болот, анын Анадолу боюнча маанилүү соода жолдорунун боюндагы стратегиялык абалы, Сангариос (азыркы Сакария) дарыясынан алынган суунун мол болушу жана айыл чарбага ылайыктуу кең түшүмдүү жерлер өзгөчөлүк катары эсептелинет.
Гордиондун тарыхына сапар
Гордион биздин заманга чейинки 12-кылымда Хетт империясынын кулашы менен көтөрүлгөн Фригиянын саясий жана маданий борбору катары белгилүү. Фригиялыктар азыркы Анкара, Афьонкарахисар, Эскишехир жана Күтахия облустарын камтыган Анадолу жерлеринде кеңири аймакка отурукташкан. Фригия өрөөнү дүйнөнүн башка жерлеринен айырмаланып, фригия цивилизациясынын издерин камтыган аскалардын сыныктары жана байыркы урандылары менен белгилүү. Бул жерде саякатчылар тарыхый мурастарга күбө болушат.
Фригиялык доордун монументалдык курулуштары Гордиондун ландшафтында эң маанилүү из калтырган. Анын Эрте Фригия сепилинин имараттары жана шаар башкаруучуларынын көрүстөндөрү, Фригия элитасынын укмуштуудай күчүн көрсөтүп турат. Гордиондогу Улуу Тумулус же падыша Мидастын мүрзөсү үчүнчү эң чоң дөбө жана андагы мүрзө бөлмөсү дүйнөдөгү эң байыркы жыгач имарат болуп саналат.
Гордион ошондой эле көптөгөн байыркы тарыхчылар айтып кеткен Гордиан түйүнүнүн эпизоду менен түздөн-түз байланыштуу. Уламыштарда бул түйүндү Азияны болочок жеңүүчү гана чечет деп ишенишкен. Ошондуктан Гордионго Искендер Зулкарнайн келип, аны кылыч менен кесип өтүүгө аракет кылганы бекеринен эмес.
Гордиондун айланасындагы жакшы сакталган чептер жана монументалдык имараттар зыяратчыларга укмуштуудай саякат тартуулайт. Ал жердеги Гордион музейинде казуулардан алынган таң калыштуу табылгалар да бар. Ал хронологиялык дисплейди көрсөтүп, ар бир мезгилди мүнөздүү мисалдар менен көрсөтөт. Артефакттардын арасында эрте темир дооруна таандык колго жасалган карапа идиштер, эрте фригия дооруна таандык темир шаймандар жана импорттолгон буюмдар бар. Мындан тышкары, коноктор Гордиондо табылган мөөр жана монета үлгүлөрүн да көрө алышат.
Түркиянын төмөнкү мурастары ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесинде
- Гөреме улуттук паркы жана Кападокиянын аскалуу жерлери
- Дивриги Улуу мечити жана ооруканасы
- Стамбулдун тарыхый аймактары
- Хаттуша: Хеттин борбору
- Немрут Тоосу
- Иераполис-Памуккале
- Ксантос-Летун
- Сафранболу шаары
- Троя археологиялык жери
- Селимие мечити жана анын коомдук комплекси
- Чаталхөйүктүн неолиттик жери
- Бурса жана Cumalıkızık: Осмон империясынын төрөлүшү
- Пергамон жана анын көп катмарлуу маданий ландшафты
- Диярбакыр чеби жана Хевсел бакчалары маданий пейзажы
- Эфес
- Ани археологиялык жери
- Афродисиас
- Göbeklitepe
- Арслантепе дөбөсү
- Гордион
- Орто кылымдагы Анадолунун жыгачтан жасалган гипостиль мечиттери