Жаңылыктар
“Автоураган” Баткенде. 3 күн ичинде 119 авто унаа кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
“Автоураган” Баткенде. 3 күн ичинде 119 авто унаа кармалды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Издөө бөлүмү  “Автоураган” аппараттык комплекси менен Баткен облусунун аймагында рейд өткөрүүдө.

Рейддин жүрүшүндө 3 күн ичинде жалпысынан 119 авто унаа кармалып, убактылуу айып короо жайына токтотулган.

Алардын ичинен:

Каттоосу убактылуу токтотулуп, издөөдө жүргөн  108 авто унаа;

Соттун чечими менен издөөдө жүргөн 3 авто унаа;

Айып пулун өз убагында төлөбөгөн 2 авто унаа;

Жасалма мамлекеттик номур менен жүргөн 2 авто унаа;

Терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 2 авто унаа.

ЖКККББгы мындай рейддик иш чараларды башка облустарда да улантат.