Жаңылыктар
Кыргызстанга сыймык алып келген балбандар
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанга сыймык алып келген балбандар

“2024-жылы Парижде өтө турган 33-Жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо жеңип алгандарга үмүтүбүз да, ишеничибиз да чоң.” Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Сербиянын Белград шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында медалдарды алган спортчуларга акчалай сыйлыктарды тапшырып жатып билдирди. Анда алтын алгандарга 1 миллион сом ыйгарылды. Ошондой эле ири суммадагы акчалай сыйлыктарга “жеңил барып оор келген” башка спортсмендер жана машыктыруучулар да ээ болушту.