Жаңылыктар
“Унаа” мамлекеттик мекемеси өз алдынча агенттик болуп өзгөртүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
“Унаа” мамлекеттик мекемеси өз алдынча агенттик болуп өзгөртүлөт

“Унаа” мамлекеттик мекемеси агенттик болуп өзгөртүлдү. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Маалыматтар боюнча, Бишкек, Ош шаарларында жана 40 райондо агенттиктин өзүнүн автомектептери ачылып, машинанын түрлөрүн айдоону окутуп үйрөтүшөт. Мындай чечимге, биринчи кезекте жол кырсыктарынын көбөйүшү, көпчүлүк айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин билбегендиги, айдоочулук күбөлүктөрдүн көзөмөлсүз берилиши себеп болгон.