Жаңылыктар
Владимир Путин 15-октябрда Кыргызстанга келет
Кыргызстан жаңылыктары
Владимир Путин 15-октябрда Кыргызстанга келет

Россиянын президент Владимир Путин Кыргызстанга келет. Бул туурасында анын басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды. Маалыматта жазылгандай, россиялык лидер Владимир Путин Кыргызстанда Беларусь президенти Александр Лукашенко менен жолугушуу өткөрөт.

Буга чейин беларусь президенти Александр Лукашенко дүйшөмбүдө президент Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирген. 15-октябрда ал Кыргызстанда Путин менен жолугушууну пландоодо. "Биз президент чындап эле ушундай сапарды пландаштырып жатканын жана ал жерде жолугушуу пландалып жатканын ырастайбыз", - деген Песков.

Анын айтымында, эки өлкөнүн башчылары телефон аркылуу дагы сүйлөшүшкөн. "Биз Путин менен Лукашенко телефон аркылуу көп сүйлөшөрүн, бирок бул боюнча дайыма эле маалымдай бербейбиз, президенттер учурдагы актуалдуу маселелер боюнча байланынышат. Өзүңүздөр көрүп тургандай күн тартиби тынбай көбүрөөк өнүгүп жатат, ошондуктан мындай байланыштардын күн тартиби ар дайым болуп турат", - деген Песков.