Жаңылыктар
Мыйзамсыз ижарага берилген батирлер текшерилүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Мыйзамсыз ижарага берилген батирлер текшерилүүдө

Бишкектин Биринчи Май райондук администрациясы тийиштүү органдар менен бирге шаарда мыйзамсыз ижарага батир бергендерге рейд жүргүздү. Жыйынтыгында 16 үйдүн ээсине акт түзүлүп, төртөөнө патент берилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта айтылгандай, жыл башынан бери отуздан ашуун рейд жүргүзүлүп, 1174 даректе акт түзүлгөн, материалдар Салык кызматына жөнөтүлгөн. Текшерүү уланып жатат. Көп кабаттуу турак жайларда ижарага берилген батирдин чарчы метри үчүн айына патенттик негизде 30 сом, жеке үй болсо 40 сом салык төлөнөт. 

Аны бербегендерге 7500 сом, юридикалык ишкана болсо 23 миң сом айып пул салынат. Салык кызматынын түшүндүрмөсүнө караганда, батир ээси салык режимин өзү тандайт жана патент, бирдиктүү салык же жалпы режим аркылуу төлөй алат. Ижарага берилген батирдин аянты 50 чарчы метрден ашса, бир айлык патенттин баасы 1500 сом болот.