Жаңылыктар
Ошто 31 мектептин жери жеке тараптарга өтүп кеткен
Кыргызстан жаңылыктары
Ошто 31 мектептин жери жеке тараптарга өтүп кеткен

Ош шаарындагы жалпы 52 мектептин 31инин жер тилкеси жеке жактарга өтүп кеткен. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Билдирүүгө ылайык, билим уясына караштуу аймакка тойкана, кафе, дүкөн жана турак жайлар салынып калган. Жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу жана берүү фактылары 1996-2006-жылдар аралыгында эң көп катталган. 

"Учурда мектептин жерлери кимге, качан, ким тарабынан берилгендиги тууралуу маалыматтар такталып бүттү. Анын жыйынтыгы менен бүгүн укук коргоо органдарынын, муниципалдык мекеме-ишканалардын, юристтердин катышуусунда жыйын өттү. Мында көрүлүүчү чаралар, мектептердин аянтын кайтарып алуу боюнча алдыда жасалчу жумуштар аныкталып, тиешелүү протоколдук тапшырмалар берилди", — деп айтылат маалыматта.

Муну менен катар тиешелүү маалыматтарды жана иш кагаздарын ыкчам берүүнү камсыздап, соттук процесстерде бирдиктүү иш алып баруу үчүн жумушчу топ да түзүлгөн.