Жаңылыктар
Камчыбек Ташиев үч балалуу жалгыз бой энеге жардам берди
Кыргызстан жаңылыктары
Камчыбек Ташиев үч балалуу жалгыз бой энеге жардам берди

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев оор турмуштук кырдаалга туш болгон жарандардын көйгөйлөрүн чечүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Кубанычбек кызы Кымбат аттуу жаран менен жолугушту. Кубанычбек кызы Кымбаттын айтуусу боюнча ал 1996-жылы туулган. Жети жашына чейин апасынын колунда, атасыз чонойгон. 

Бала кезинде апасы экөө Бишкекте жана Казахстанда жашашкан. 7 жашында апасы Сокулук айылындагы баласы жок үй-бүлөгө асырап алганга таштап кеткен жана ал жерде 2011-жылга чейин ата-энеси жок он чакты өзү курактуу балдар, кыздар менен чогуу тарбияланган. 2011-жылдан 2023-жылга чейин Казахстанда ар түрдүү жумуш жасап иштеген. Чогуу тарбияланган жигитке турмушка чыгып, 3 балалуу болушкан. Жолдошунун кургак учуктун жугуштуу түрү менен ооруп калгандыгына байланыштуу ушул жылдын июнь айында Кыргызстанга кайтып келишкен, августтун башында жолдошу каза болгон. 

Азыркы маалда Киев жана Уметалиев кочолорунун кесилишинде убактылуу жашап, финансылык кыйынчылыктарды башынан өткөрүүдө. Өз кезегинде Камчыбек Ташиев маселелерин чечүүгө жардам берерин убада кылды, ошондой эле материалдык жардам көрсөттү.