Жаңылыктар
ШКУ: Соода-экономикалык кызматташтыкты арттыруу
Кыргызстан жаңылыктары
ШКУ: Соода-экономикалык кызматташтыкты арттыруу

Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, учурдагы абал жана жакынкы келечекке пландары Экономика министрлеринин 41-жыйынында талкууланды. Министр Данияр Амангельдиев өз сөзүндө ШКУ аймагында соода-экономикалык байланыштарды мындан ары кеңейтүү, инвестициялык потенциалды жакшыртуу боюнча натыйжалуу чечимдерди жана чараларды кабыл алуу, ШКУнун биргелешкен долбоорлорун ишке ашыруу учурдун талабы экенин белгиледи.

Тараптар ШКУга мүчө-мамлекеттердин көп тараптуу соода-экономикалык кызматташуу программасынын жоболорун ишке ашыруунун жүрүшүн карап, эки тараптуу бизнес жана инвестициялык өнөктөштүктү мындан ары да жакшыртуунун учурдагы абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашты.